Бишкекте бүгүн жаан аралаш кар жаап, жолдор тайгак болот

Бишкекте бүгүн жаан аралаш кар жаап, жолдор тайгак болот.

Андыктан айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуу сунушталат.

Синоптиктердин маалыматына караганда, күн аягына чейин майда кар жаап,

асманды ала булут каптап турат. Кечке маал кар күчтөнүп таң атканча жаайт.

Куткаруучулар эскертишкендей, айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай,

унаалар ортосундагы аралыкты сакташы кажет.