Кыргыз-казак жана Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп жатат

Кыргыз-казак жана Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекеттери

кадимки режимде иштеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынан

билдиришкендей, Өзбекстан бүгүнтөн тарта башка мамлекеттер менен

унаа жана аба каттамдарын токтотот. Ошондой эле бардык окуу жайлар,

мектептер жана бала бакчалар жабылды.  Ал эми темир жол рейстерине

кайтып келүүгө дагы 3 күн убакыт берилет.  Белгилеп кетсек, Казакстанда 8,

Өзбекстанда 4 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.