Бишкектин тойканаларына коноктордун санын көбөйтүүгө уруксат берилди

Бишкектин тойканаларына коноктордун санын көбөйтүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу 24 агенттиги Санэпидем көзөмөл борборунун кызматкери Майрам Иманкуловага шилтеме келтирип билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коомдук тамактануу жайлары, ошондой эле тойканалар үчүн жаңы алгоритм иштелип чыкты.  Эгер буга чейин кафе-ресторандарга 50дөн ашык кардар киргизилбесе, эми бул талап жоюлду.

 

Бирок зал 50 пайызга гана толтурулушу керек. Мисалы, тойкана  400 адамга чакталса, 200 конок кабыл алса болот.