Өзбекстан кыргызстандыктарга өлкөгө кирүүгө чектөө киргизди

Өзбекстан кыргызстандыктарга өлкөгө кирүүгө чектөө киргизди.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей,  тыюу салуу түнкү саат 12ден тартып күчүнө кирди.

Ошол эле учурда Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстан жарандары өлкөдөн чыга алышат.

Ал эми биздин өлкөдөгү өзбекстандыктар өлкөсүнө кире алышат. Буга катар оор жүк ташуучу

унааларга эч кандай чектөөлөр жок. Эске салсак, Өзбекстан бийлиги

1-октябрдан тартып Кыргызстан жарандарына өлкөгө кирүүгө уруксат берген.