Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол келишимине күзүндө кол коюлат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюлат.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болуп калды.

Сентябрда бардык даярдык иштери аяктап калат, ал эми ШКУнун Самаркандда өтө турган мамлекет башчыларынын жыйынында ага үч президент кол коёт.

Белгилеп кетсек, бул долбоордун ишке ашуусу менен Кытай товарларын Европага ташууга жол ачылат.