Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы 7-июнга чейин узартылды

Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы дагы узартылды. Тактап айтканда ал 7-июнга чейин №47 абакта камакта болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук сот чыгарды.

Бүгүн, 2-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо процесси болду. Анда айыпталуучу Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу сотко келген жок. Мындан улам соттук отурум 15-апрель күнү саат 14:00гө жылдырылды.

 

Райондук сот Атамбаев жана башка адамдарга карата козголгон бир нече кылмыш ишин ноябрдан бери бириктирип карап жатат. Алар — Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук боюнча кылмыш иштери.

 

Бул иштерде мурдагы президент менен кошо күнөөлөнүп жаткандардын арасында издөөдө жүргөн экс-мэр Албек Ибраимов, мурдагы депутат Аскарбек Шадиев да бар.

 

Мындан тышкары Атамбаевге карата мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча иш да сотто каралып жатат.

Былтыр июнда ал “Батукаевдин кылмыш иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген.

Жактоочулардын суранычынан кийин Жогорку Сот 30-ноябрда бул ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. 10-декабрда соттун биринчи отуруму өткөн.
https://www.super.kg/kabar/news/353413/