Ош облустук жана Нарын райондук сотунун судьялары өз каалоосу менен иштен кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу менен Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиев, Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Судьялар өз каалоосу менен иштен бошотулган.

 

Ал эми Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 7-майдан тартып Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Нурия Бекбаеванын ыйгарым укугу токтотулду.

Буга чейин район аралык соттор административдик сот болуп кайра түзүлөрү кабарланган.

30-апрелде Жогорку соттун сайтына жайгаштырылган маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон бир катар мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу буга чейин район аралык соттор тарабынан каралып келген экономикалык иштер эми райондук сотторго берилет.