“Алтын тамга” сертификатына тестирлөө онлайн режимде жүрүп жатат

“Алтын тамга” сертификатына тестирлөө онлайн режимде жүрүп жатат. Сынак тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.

 

Коопсуздукту сактап отурат. Ага дароо планшет берилет. Планшетте тест 4 предмет боюнча алынат. Атайлап ошону онлайн-режимде кылып атабыз. Түшүндүрмө берилет, доскага жазылат. Ал тамгаларды алат дагы сайтка кирет. Тест ачылат. Тестти тапшырат. Тест тапшыраары менен программа жыйынтыктарды чыгарат. Бүтүрүүчү жана эксперттер дароо акт кылышат

 

“Алтын тамга” сертификаттарына сынак 19-июнга чейин өтөт. Анын алкагында жалаң 5ке окуган балдар билимин тастыкташы керек.