Өкмөттө кайрадан бала бакчаларды жана мектептерди ачуу суроосу талкууланды

Өкмөттө кайрадан бала бакчаларды жана мектептерди ачуу суроосу талкууланды. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, ар бир аймактагы эпидемиологиялык абалды өзүнчө иликтеш керек.

 

Эгер билим берүү мекемесин ачууга уруксат берилсе, жергиликтүү башкаруу органдары дагы, мамлекеттик органдар дагы ар кандай кырдаалдарга даяр болуусу шарт.

 

Андан тышкары, коронавирустун жайылуусун алдын-алуу үчүн  алгоритмдерди так сактоо кажет, — деди вице-премьер.