Иштөөгө жана бизнес үчүн мыкты өлкөлөр аталды

Иштөөгө жана бизнес үчүн мыкты өлкөлөр аталды. Биринчи орунда Сингапур жайгашты. Лидерлердин бешилтигине ошондой эле Дания, Швейцария, Нидерланды жана Гонконг кирет.

 

Рейтингди түзүүдө эксперттер экономиканын абалына, өкмөттүн натыйжалуулугуна жана инфраструктурага көңүл бурушту. Андан тышкары, ар кандай тармактагы жетекчилердин ой-пикирлери дагы эске алынды.