Алыдады эс алуу күндөрү Бишкекте жылуу жана жагымдуу аба-ырайы турукташат

Алыдады эс алуу күндөрү Бишкекте жылуу жана жагымдуу аба-ырайы турукташат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаада аба табы 26 градуска чейин көтөрүлөт. Жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Эртең асманды ала булут каптап, кечкисин кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Бирок температура +23 градусту көрсөтүп, жылуу болот. Биринчи майда кайрадан күн ачык болот, мындай аба-ырайы 10-майга чейин сакталат.