Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун болжолдуу баасы 3-5 млрд долларга чейин болот

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун болжолдуу баасы 3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров май айында Кытайга барат. Ал жерде үч өлкөнүн лидерлери каржылоо моделдерин бекитет деп күтүлүүдө.

 

Чиновник ошондой эле долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр экенин белгиледи. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагы аркылуу 57 чакырымдык тоннель курулат.