Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2 күнгө узартылды

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2 күнгө узартылды.

 

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, отчетту тапшыруунун акыркы күнү 30-апрель жекшембиге туш келип, 1-май майрам күнү деп белгиленди.

 

Буга байланыштуу, мөөнөт 2-майга чейин узартылды. Салык органдары 30-апрелде, 1-2-майда декларацияны саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алат. Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча электрондук же кагаз түрүндө тапшырса болот.