Американын Сенаты аскердик-аба күчтөрүнүн штаб башчысы кылып
афроамерикалык генерал — Чарльз Браунду дайындады. Муну менен ал
штабдын афроамерикалык биринчи жетекчиси болуп калды.
Сенаторлордун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында бир дагы каршы добуш болгон жок.