Казакстанда 18 күндүк ымыркай коронавирустан айыкты. Бала төрөлгөндөн 18 күндөн кийин коронавирус аныкталган. Дарылануу учурунда бала апасынын жанында болуп, абалы оорлошкон эмес. 20 күндүк дарылануудан кийин ымыркай айыгып, 1 килограмм салмак кошкон.
Учурда анын абалы канааттандырарлык.