Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары 8-9-августта өтөрү күтүлүүдө.
УЕФА уюму футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюндарынын планын түздү.
Ал эми 12-августтан тартып Лиссабондо кичи мелдеш баштоо пландалды. Анда 8 команда плей-офф
форматында бир оюндан өткөрөт. Беттештер “Жозе Алваладе” жана “Эштадиу да Луш” стадиондорунда
күйөрмандарсыз өтөт. Эске салсак, Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары коронавируска байланыштуу токтоп калган.