Сеулда официанттын жардамчысы катары роботту ишке киргизишти

Сеулдагы ресторандардын биринде официанттын жардамчысы катары

роботту ишке киргизишти. Жабдуу өз алдынча бир эле учурда тамак салынуучу

4 идишке чейин ташый алат. Ал эми кардарлар тамактанган соң робот

идиштерди жыйнап, ташыйт. Ал кыймылда болгон учурда өзүнүн келе

жатканын билдирип, музыка чыгарып турат. Белгилеп кетсек, робот

өзгөчө ысык тамактарды жана оор идиштерди ташууга пайдалуу.