Ош шаарынын Жапалак айыл аймагы таза суу менен камсыз болот

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагы таза суу менен камсыз болот.

Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет.

Долбоорду ишке ашыруу менен 10 калктуу конушка таза суу системасы тартылат.

Муну менен 20 миң тургундун таза суу көйгөйү чечилет. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.

Биринчи этап боюнча курулуш иштери былтыр башталган жана ал ушул айдын соңуна чейин аяктап калат.