Англияда 5 жаштагы кыз Гиннес рекорддор китебине катталды

Англияда 5 жаштагы кыз Гиннес рекорддор китебине катталды. Ал китеп жазып, ага сүрөттөрдү дагы өзү тарткан. Муну менен ал дүйнөдөгү эң жаш жазуучу деп аталды.

 

Кыздын калемине таандык китеп “Жоголгон мышык” деп аталып, 1 миңден ашык нускада басылды. Китепти чыгарып, аны сатууга жаш жазуучуга апасы жардам берди.