Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы менен жолукту

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, 16-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммит алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолукту.

 

Жолугушууда эки тараптуу соода-сатык мамилелери, жүк транзити боюнча маселелер талкууланды.

 

Андан тышкары кызматташуу багыттары, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында жана казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү.

 

«Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагындагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу маселеси боюнча ченемдик укуктук базаны күчөтүлгөн режимде иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди”, — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жылдын 26-майында Токаевдин Бишкектеги экинчи расмий сапарында кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүнү жеңилдетүү макулдашылган. Бирок чек арада жүк ташуучу автоунаалардын кезеги азайбай жатканы айтылып келет.