Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу парламент отурумунда Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, эртең Жогорку Кеңешке тиешелүү токтом долбоору тартууланат.
Эске салсак, окуу жылы быйыл 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктады. Кийин окуунун мындай процессинде көптөгөн маселелер жаралды.
Алсак, июнда күн ысып, окуучулар билим алууда кыйналышты.