Ар кандай экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу суроосун жергиликтүү бийлик өзү эле чече алат

Ар кандай экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу суроосун жергиликтүү бийлик өзү эле чече алат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Штабдын отурумунда кинотеатр жана башка мекемелерди  ачуу суроосу көтөрүлдү.

 

Андан улам, өкмөт 1-декабрдан тарта жергиликтүү бийликке карантиндик чектөөлөрдү алуу укугун ыйгарат.

 

Чечимдер бардык санитардык нормалардын сакталышы менен гана кабыл алынышы керек. Эске салсак, карантин башталгандан тарта бүгүнкү күнгө чейин балдар аянттары, фудкорттор, кинотеатрлар жана бала бакчалар иштей элек.