Дыйкандарды жеңилдетилген насыялоонун дагы бир программасы иштелип жатат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Азиз Аалиев билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекеттик банктар жакынкы күндөрү “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында жылдык 6 пайыз үстөк менен насыя бере башташат.
Ал эми насыялоонун көлөмү 15 миллиард сомго чейин көтөрүлөт, — деп кошумчалады аткаминер.