Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 871 миллион доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 871 миллион доллардан ашты.

Маалымат августтун аягына карата. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Белгилеп кетсек, өлкө карызынын 53 пайызы эки тараптуу жеңилдетилген насыялар

боюнча милдеттенмелерге туура келет. Бересе ээлеринин башында Кытай турат.

Ага өлкө карызынын 3/1 бөлүгүнөн көбүрөөгү тиешелүү.