Арзан көмүр сатуу базаларын уюштуруу уланууда.
Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүн,
24-ноябрдан тартып Ош шаарында кара отундун тоннасы 3 миң жана
4 миң сомдон жеткиликтүү болгон 7 пункт уюштурулуду. Бул максатта
калаа мэриясы эки компания менен 700 тоннага келишим түздү.
Учурда атайын уюштурулган жайларга отун ташуу иштери активдүү
жүрүп жатат. Кара отун сатуу түйүндөрүндө ар бир үй-бүлөгө
1 тоннадан ашык көмүр берилбейт.
Ош шаарынын аймагында арзандатылган баада көмүр сатуучу пункттардын даректери:
- Туран аймактык башкармалыгы, Дача участкасы, Нагорная көчөсү 1
- Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы, Курманжан-Датка көчөсү, “Ош-Ойл” май куйуучу бекетинин маңдайы
- Керме-Тоо аймактык башкармалыгы, Черемушка кичи району, Муминов көчөсү, Араван тракт, 218-квартал
- Манас-Ата аймактык башкармалыгы, Жаштар көчөсү 49
- Амир-Темир аймактык башкармалыгы, Целинная көчөсү, милиция бөлүмчөсүнүн жаны
- Курманжан-Датка аймактык башкармалыгы, Ташкент көчөсү 56
- Жапалак аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо айылы, Каримов көчөсү