Өзүнө өзү турмушка чыккан бразилиялык модель кыз ажырашууну чечти.
Нике 3 айга жеткен жок. Сентябрда 33 жаштагы бразилиялык кыз өзүнүн
инстаграм баракчасы аркылуу эркектерди күтүүнүн ордуна өзүнө-өзү турмушка
чыкканын жарыялаган. Үлпөт той күнү кыз Сан-Паулудагы чиркөөнүн жанынан
сүрөтүн жарыялаган. Бирок 3 айдан кийин кыз өзү менен өзү ажырашты.
Буга анын башкага алмаштырганы себеп болду. Моделдин айтымында
ал өз түгөйүнө жолукту. Кыз кайрадан сүйүүгө ишенди.