Мектептерде жана окуу жайларда мугалимдердин жана техникалык кызматкерлердин 63 пайызы эмдөөдөн өттү. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, бала бакчалардан тартып, орто мектептердин, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине чейин вакцина алып жатат.
Эске салсак, буга чейин окууну салттуу форматта баштоо үчүн мугалимдердин жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек деген талап коюлган.