Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга жаңы тендер жарыялады

Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга жаңы тендер жарыялады.

Буга чейин белгилүү болгондой, унааларды жеткирүү сынагын кытайлык

компания утуп алган. Бирок тендердин башка катышуучусу комиссиянын

чечимине макул болбой даттануу жиберген. Жыйынтыгында уюштурулган

сынак жокко чыгарылган. Жаңы тендерге арыздар 5 июнга чейин кабыл

алынат. 100 автобус сатып алууга 710 миллион сом бөлүнөт.