Ашхабадда аялдарга унаанын алдыңкы орундугуна отурууга тыюу салынды

Ашхабадда аялдарга унаанын алдыңкы орундугуна отурууга тыюу салынды. turkmen.news жазгандай, мындай талап таксиге гана эмес, мамлекеттик жана жеке унааларга дагы тиешелүү.

 

Аял туугандык байланышына карабастан, эркектин жанына отурбашы керек. Арткы орундукка дагы экиден ашык жүргүнчү түшпөйт деген талап киргизилди. Мындай эрежелерди ким чыгарганы жана ал Ашхабаддан башка аймактарга тиешелүүбү же жокпу, азырынча белгисиз.