Орозо айт жокко чыгарылганы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтты белгилөөгө бийлик тыюу салганы тууралуу маалыматтар негизсиз экенин билдирди.

Ал 27-апрелде Фейсбуктагы баракчасына: «мессенжерлерде жана социалдык тармактарда «Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тыюу салды» делген аудиотасма тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз»,-деп жазды.

Быйылкы Орозо айт майрамы 2-майда белгиленет.

Садыр Жапаров февраль айында өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарган. Анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган. Ошондон тарта жер-жерлерде ысырапкорчулукту тыюуга байланыштуу чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.