Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде лидерлик позициясын сактап калды

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде лидерлик позициясын сактап калды. Жаңыланган тизме Монголияда өткөн чемпионаттын жыйынтыгы менен жарыяланды.

 

Анда Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, күмүш медаль багындырды. Бул жыйынтык менен ал 91 миң 600 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде биринчи ордун сактап калды.