Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Олимпада
оюндарынын коло байгеси үчүн эртең ат салышат. Анткени аны баштапкы этапта жеңип
алган венгриялык Виктор Лёринц финалга чыкты. Венгер балбаны Лёринц
египеттик атаандашын 7:2 эсебинде утту. 87 килограмм салмакта күч сынашкан
кыргыз балбаны атаандашы Виктор Лёринцке баштапкы этапта 6:1 эсебинде
утулуп калган болчу. Венгриялык спортчу финалга чыгып, Атабек Азисбеков
көңүл жубатуучу таймашта германиялык Денис Кудла менен чыгат.