Биздин спортчу Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү
боюнча күмүш медалга ээ болду. Бир нече мүнөт мурда анын финалдык оюну
жыйынтыкталды. Махмудов килемде учурдагы дүйнө чемпиону венгриялык
34 жаштагы Тамаш Лоринц менен таймашты. Кармашуу 2:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Акжол Махмудов 22 жашта жана ал 2016-жылкы катеддер арасындагы Азия жана
дүйнө чемпиону. Эми Олимпиаданын күмүш медалынын ээси. Бул медаль
Кыргызстандыктар үчүн 2008-жылдан берки алгачкы байгеси.