Кийинки Олимпиада оюндары Франциянын борбору Парижде өтөт.
Башкы жайкы оюндар 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин деп белгиленди.
Эске салсак, быйылкы Олимпиада оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өттү.
Кыргызстандын балбандары 2 күмүш, 1 коло багындырды. Аларды өлкөгө Акжол Махмудов,
Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми жалпы командалык
жеңишти 113 – медаль менен АКШ спортчулары алды. Кийинки катарда
кытайлыктар – 88 бейге утту. Үчүнчүдө Япония – 58 медаль жеңди.