Кыргызстандын Олимпиадага катыша турган балбандар Токиодо машыгуусун улантууда.
Күрөш федерациясынан билдиришкендей, спортчулар 1-августтан тартып килемге чыгат.
Грек-рим күрөшүнөн лицензияны ар салмактагы категорияда Жоламан Шаршенбеков,
Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбеков алган.
Балбандарды башкы машыктыруучулары коштоп барган.