Аткезчилик менен алектенгендерге жаза кескин күчөтүлөт

Аткезчилик менен алектенгендерге жаза кескин күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги даярдады.

 

Анда Кылмыш-жаза кодесиндеги экономикалык аткезчиликке барган жаран, же уюшкан топ бажы төлөмдөрүн эки эсе төлөп берсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген жобо жоюлат.

 

Ошондой эле контрабанда үчүн колдонулган унаалар мамлекеттин карамагына өтөт. Товарларды жана таранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташуудагы айып дагы көбөйтүлөт.