Кыргызстан Эл аралык валюта фондунан 240 миллион доллар алат

Кыргызстан Эл аралык валюта фондунан 240 миллион доллар алат.

Бул тууралуу мекеменин Бишкектеги кеңсесинен билдиришти.

Эл аралык камдык активдерди бөлүштүрүүнүн арты менен мамлекеттер

кымбатка турган ички жана тышкы карыздарын кыскарта алат.

Өлкөлөр муну менен улуттук экономикасын колдоп, кризис менен күрөшө алат.

Белгилеп кетсек, Эл аралык камдык активдер мамлекеттерге Эл аралык валюта

фондундагы квотасынын үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт. Болжол менен

250 миллиард доллар өнүгүп жаткан мамлекеттерге берилет.

Ал эми кирешеси аз өлкөлөр 21 миллиард долларга жакын алышат.

Кээ бир учурда бул сумма ИДПнын алты пайызын түзөт.