Австралия менен Түштүк Африкада дүйнөдөгү эң чоң радиотелескоптун курулушу башталды

Австралия менен Түштүк Африкада дүйнөдөгү эң чоң радиотелескоптун курулушу башталды.

Обсерватория космоско байкоо жүргүзүү үчүн 100 миңден ашык антеннаны колдонот, деп жазды эл аралык басылмалар.

Күтүлгөндөй, жаңы радиотелескоп адистерге алгачкы жылдыздар менен галактикалар кантип жана качан пайда болгонун билүүгө жардам берет.

Мындан тышкары, ал кара энергияны, ааламдын кеңейүүсүн жана башка көптөгөн нерселерди изилдөөгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.