Канадада көпчүлүктүн кыялындагы жумуш пайда болду

Канадада көпчүлүктүн кыялындагы жумуш пайда болду.

Кондитердик азыктарды саткан Интернет компания момпосуйлар үчүн дегустатор издеп жатат.

Кызматкер сагыз, карамель жана шоколад батончиктеринин даамын татып көрүп, андан соң компаниянын кызматкерлери кайсы продукцияны интернет-сайт аркылуу сатуу керектигин, кайсынысы сатылбаш керек экенин аныктай алышы үчүн атайын протокол түзүшү керек.

Ийгиликтүү талапкерге жылына 78 миң доллар төлөнөт.

Бул вакансияга беш жаштан жогорку бардык каалоочулар өзүн сынап көрө алат.