Казакстанда бүгүнтөн тартып Өзгөчө абал режими күчүн жоготот.
Президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдиргендей, коменданттык саат жана
убактылуу чектөөлөрдүн бары алынды. Өз кезегинде, Алматыда полиция жана аскер
кызматкерлери күнү-түнү кайгуул жүргузүүнү улантууда. Эске салсак,
Казакстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими
5-январда массалык башаламандык учурунда киргизилген.