Түркиянын Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалганын билдирди.

Укук коргоо органынын башчысы журналисттер менен жолугушууда кабарлагандай, бийликке теракт кимдер тарабынан жасалганы маалым.

«Бизде кайдан чыккан жери, кайсы жерде буйрук алынганы жана акцияны аткарган адамдар тууралуу маалыматтар бар.

Биздин баамыбызда акция өткөрүүгө буйрук Кобаниден (Сириянын түндүгүндөгү шаар) келген.

Окуяга себепкер болгон жана бомбаны таштаган адам биздин Стамбул полиция башкармалыгы тарабынан кармалды.

Буга чейин дагы 21 адам камакка алынган», — деди Сойлу.

Анын айтымында, жардыруудан 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган, бешөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор.

Учурда жалпы жабыркагандардын 50сү ооруканадан чыгарылды, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.