Эртеңден тартып Хубэй провинциясы карантинден толук чыгарылат
Эми аталган провинцияда жашаган, дарыгерлер кандайдыр бир тыюу
салбаган жарандар башка аймактарга бара алышат. Ал эми Ухань
шаарында карантин 8-апрелде жоюлат. Аймактагы окуу жайлар жагдай
толук жөнгө салынмайынча ачылбайт. Ал эми Кытайдын борбору
Бээжинде тескерисинче эртеңден тартып чектөө чаралары күчөтүлөт.
Өлкөдө вирус 81 миңден ашык адамга жукту.