Австралиядагы бороон-чапкын өлкөнүн түштүгүндөгү 50 миңден ашык үйдү жарыксыз калтырды.
Массалык маалымат каражаттары билдиргендей, катуу жааган жаан жана шамал Индия океанынан келген.
Аталган аймакта мындай аба ырайы дээрлик катталбайт. Бороон-чапкын негизинен океандын чыгыш т
арабындагы жээкте болчу. Учурда толкундун бийиктиги 8 метрге чейин көтөрүлсө, шамалдын ылдамдыгы
саатына 120 чакырымга жетти. Катуу шамал электр мамыларын жулуп, үйлөрдүн чатырларын учурду.