Сауд Арабия кайрадан зыяратчыларды кабыл алып баштайт.
Өлкө бийлиги 4-октябрдан тартып ажылык сапарды уюштуруу ниетинде.
Алгачкы этапта келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк зыяратчылардын саны 6 миңден ашпашы керек.
Ал эми ноябрдан тартып алардын санын 20 миңге чейин жеткирүү пландалууда.
Көбүрөөк мүмкүнчүлүк чет өлкөлүктөргө берилет. Эске салсак,
Меккеге бара турган мусулмандардын сапары пандемияга байланыштуу мартта токтотулган.