Өзбекстанда алгачкы ирет сиам эгиздери жарыкка келди

Самаркандда 27-июнда төрөлгөн сиам эгиздеринин абалы канааттандырарлык.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Эки баштуу бала Самарканд облусунун перинаталдык борборунда кесерева жолу менен төрөлгөн.

Ымыркайдын эки колу, эки буту, бир жүрөгү, төрт бөйрөгү бар. Анын салмагы — 4,6 килограмм, бою — 48 сантиметр.

29-июнда сиам эгиздеринин абалы начарлап, Самарканд облустук балдардын көп профилдүү медициналык борборуна которулган.

Маалыматка караганда, наристе демигип, жүрөк кемтигинен жабыркап жатат.

Адистер кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө.