«Applе» компаниясы студентке 3,5 миң доллар төлөп берди

Алмаз Сеидов аттуу түркмөнстандык студент айфондон системдик ката таап алганы үчүн «Applе» компаниясы ага 3 жарым миң доллар сый акы төлөп берген. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазышат.

«22 жаштагы студент Apple Store тиркемесинен бир нече жолу өзүнө керектүү оюнду жүктөөгө аракет жасаган. Бирок улам сайын айфон катып же блокко түшүп калып аябай жүдөткөн. Ошондо студент «Apple`дын» өзүндө системдик ката болуп жатканын түшүнүп, ката жөнүндө компания өкүлдөрүнө байланышып айтат. Бир аз убакыттан кийин Алмаз Сеидовго «Apple» компаниясынын атынан ыраазычылык каты келген. Анда тиркемеде чындыгында системдик ката кеткенин жана бул жөнүндө кабарлаганы үчүн 3 жарым миң доллар сый акы берилери айтылган. Сеидов мындан ары дагы операциондук системдердеги каталарды табууну улантарын билдирген», — деп жазылат маалыматта.