Австрия Россия газына чектөө киргизүүгө каршы

Австриянын канцлери Карл Нехаммер Россиядан мунай жана газ ташууга тыюу салууга каршы чыкты. Бул тууралуу ал Kronen Zeitung басылмасына берген маегинде билдирди.
Австриялык саясатчы өзүнүн позициясын немец кесиптеши Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдөн кийин ырастады.
«Санкциялар кимге каршы жарыяланса, ошол тарапты гана алсыратышы керек. Ал эми аны жарыялагандар өздөрү жабыр тарта баштаса, анын мааниси жоголот», — деди Нехаммер.
Ошондой эле ал өзүнүн негизги максаты — элге энергия булактарын кечиктирбей жана коопсуз жеткирүү экенин кошумчалады.
Ошол эле учурда Австрия өкмөтүнүн башчысы Россия газына болгон көз карандылыкты азайтуу зарылдыгын да билдирген.