Лос-Анжелесте алгачкы “Оскарлар” өз ээлерин табууда. Кино тармагындагы эң абройлуу иш-чара учурда өтүп жатат. “Экинчи пландагы мыкты актер” номинациясында “Бир күндөрү Голливудда” тасмасында жараткан ролу үчүн Бред Питт жеңишке жетти.
“Мыкты мультфильм” наамында “Оюнчуктар окуясы — 4” белгиленди. Алдыңкы сааттарда “Мыкты тасма”, “Мыкты эркектин жана аялдын ролу” номинацияларындагы сыйлыктар өз ээлерин табат.