Жалал-Абаддагы абак шаар четине көчүрүлмөй болууда

Жалал-Абаддагы абакты шаардын четине көчүрүүнүн каржы маселеси чечилгенин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Анын айтымында, абакты көчүрүүгө Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынан жана Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылынан сегиз гектардан жер тилкелери караштырылып жаткан. Натыйжада Базар-Коргондон көрсөтүлгөн жерге макулдук алынды.

 

Бул абак Жаза аткаруу кызматына караштуу №10 мекеме деп аталат. Азыр ал шаардын ичинде 6,8 гектар жерди ээлеп турат.

 

Ал жер шаар башкармалыгына өтсө мэрия келечекте заманбап имараттарды курууну пландап жатканы айтылды.

 

Бишкектеги № 47 колония да толугу менен бузулуп, андагылар жасаган кылмышына жана режимине жараша башка атайын мекемелерге которулганы жатат.