УКМК төрагасынын жардамчысымын деп элди алдаган киши кармалды

Элге өзүн УКМКнын кызматкери жана төраганын жардамчысы катары тааныштырып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген Э.О. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Билдирмеге караганда, Э.О. Тажикстандын Р.С. деген жараны аркылуу Ж.С. аттуу кишинин ишенимине кирип, прокуратура органдары аркылуу жазык ишин токтотуу үчүн 7 500 доллар акчасын алган.
«Ошондой эле Э.О. УКМКнын Борбордук аппаратында иштей турганын, анын иш бөлмөсү УКМК төрагасынын кабинетине жакын жайгашкандыгын билдирген», — деп жазылган маалыматта.
Аталган факты боюнча шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.